Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык 364 адам КРнын жарандыгынан чыгарылды

Автор -

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 1 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 331 адамды кабыл алуу жөнүндө (анын ичинен 286 — чоң адамдар жана 45 — балдар), алардын баардыгы тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

1 Жарлыгы 364 адамды (анын ичинен 305 — чоң адамдар жана 59 — балдар)  Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү