Назарбаев: «Глобалдык тарыхтагы ролубузду түшүнүшүбүз керек»

Автор -

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкө тарыхын изилдөөгө жана аны түшүнүүгө багытталган жаңы долбоорлорду сунуштады. Бул тууралуу мамлекет башчынын бүгүн расмий басылмаларга жарыяланган «Улуу талаанын жети кыры» деп аталган макаласында айтылган.

Макалада мамлекет башчы «өлкө тарыхын өзүнүн көп кырдуулугунда түшүнүп, кабыл алуу керектигин белгилеген.

«Биз илимий фактыларга таянуу менен глобалдык тарыхтагы ролубузду түшүнүшүбүз зарыл. Мындан тышкары Казакстандын тарыхы өз-өзүнчө үзүндү катары эмес, заманбап илимдин көз карашында түшүнүктүү болушу керек. Бул үчүн ишенимдүү аргументтер бар», — деп эсептейт өлкө башчы.

Президент жаңы долбоорлорду ишке ашыруу менен «аң-сезимди жаңылоону» сунуштады. Өлкө башчы бул багытта «Архив-2025» деп аталган жети жылдык долбоорду ишке ашырып, «Улуу талаанын улуу адамдары» деген билим берүүчү парк-энциклопедиясын түзүү керектигин айтты. Мындан тышкары макалада 2019-жылы Астанада түрк таануучулардын бүткүл дүйнөлүк конференциясын өткөрүү, Улуу талаанын фольклору менен обондорун популярдаштыруу жана ЖМКлардагы жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүнө таянуу менен документалдык теледолбоорлорду түзүү каралганы жазылган.

Былтыр апрелде президент «Руханий жаңыруу» деп аталган мамлекеттик программаны жарыялаган. Ал алты багыттан турат: «Туулган жер», Казакстандын ыйык жерлери, заманбап казак маданияты, мыкты 100 китепти казак тилине которуу, Казакстандын 100 жаңы жүзү жана латын арибин киргизүү.

«Руханий жаңыруу» долбоорун 2022-жылга чейин ишке ашыруу үчүн бюджетте 54 миллиард теңге (160 миллион доллардан ашык) каралган.

Бөлүшүү