Бишкектеги батирлердин биринде 54 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Октябрь районунда 21-ноябрда саат 15:40та КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Сүйөркулов көчөсүндөгү №7 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.
Батирдин ичинде 1964-жылы туулган Ш.А. аттуу эркек адамдын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.