«24-25-ноябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт»,-деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.
24-ноябрда күндүз жана 25-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
25-26-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарына суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:
— ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба-ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көңүл буруу;
— тоолуу унаа жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл;
— кышкы дөңгөлөктөр;
— күрөкчө, чынжырча, аптечка болуусу зарыл.
Өзгөчө кырдаалдарда “112” кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.