«Вечерний Бишкектин” ээси Александр Рябушкин камакка алынды

Автор -

“Вечерний Бишкек басма үйү” ЖАКнын директорлор кеңешинин төрагасы Александр Рябушкинге карата кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Милициянын маалыматка ылайык, акционердин арызынын негизинде «Вечерний Бишкек» басма үйү текшерилип, жетекчилиги тарабынан мыйзам бузуу болгону аныкталды.

«Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2016-жылдын 5-февралындагы жана Бишкек шаардык сотунун аппеляциялык инстанциясынын 2016-жылдын 15-июлундагы чечимдерине ылайык, “Вечерний Бишкек басма үйүнөн”, “Вечерний Бишкек” гезитинин редакциясынан, www.vb.kg интернет сайтынан, “Жаңы агым” гезитинин редакциясынан, “МСН” газетасынын редакциясынан, “Рубикон” жарнама фирмасы” басмаканасынан Эркин Мамбеталиевге моралдык зыян келтиргендиги үчүн 1 млн. сом компенсация катары төлөнүп берилген”, — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, 2015-жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун сырткы чечимине ылайык, “Вечерний Бишкек басма үйү” моралдык зыян келтиргендиги үчүн Икрамжан Илмияновго 1 млн. сом компенсация катары төлөп берген.

2016-жылдын 21-октябрында “Вечерний Бишкек басма үйүнүн” директору М.Божокоев, А.Рябушкин -“Рубикон” жарнама фирмасы” ЖЧКнын башкы директору, ошол эле убакта “Вечерний Бишкек басма үйүнүн” директорлор кеңешинин төрагасы менен болжолдуу сүйлөшүп алып, бөлүштүрүү жана башкаруу ыйгарым укуктарын пайдалануу менен “Вечерний Бишкек басма үйүнүн» кызыкчылыктарынан сырткары, арыз ээси Э. Мамбеталиев менен “Вечерний Бишкектин” каражатынан 1 млн. сомду төлөө боюнча макулдашууга кол коюшкан. Ошол учурда аталган сумма үч юридикалык жактан калыбына келтирилген.

Ошол эле күнү “Вечерний Бишкек асма үйү” ЖАКтын эсебинен Эркин Мамбеталиевге чыгаша ордери боюнча 1 млн. сом накталай төлөнүп берилген. Ушунун негизинде, директор М.Божокоевдин жана А.Рябушкин тарабынан жабык акционердик коомуна ири өлчөмдөгү материалдык зыянга учураткан.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 173 – (Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү ) 221- (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) 350 — (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) беренелери менен иш козголду. Учурда тергөө башталды.