«Делбирим» тасмасы Кыргызстанда качан көрсөтүлөрү маалым болду (Видео)

Автор -

Фильмди Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору Өзбекстандын “Узбеккино” улуттук агенттиги менен бирге жаратты. Өзбекстанда тасманын премьерасы көрсөтүлдү. “Делбирим” фильми өзбек жана кыргыз тилинде болот.

Тасма Намангандын Нанай жана Гова айылдарында, Ташкент облусунда жана Ысык-Көлдө тартылды.

Көркөм фильмде башкы каармандар Ильяс менен Байтемирдин ролун өзбекстандык актерлер Адиз Ражапов менен Улукбек Кадыров, Асел менен Кадичанын ролун кыргызстандык актрисалар Мадина Талипбек жана Элина Абай кызы ойноду.

Фильмдин сценарийин жазуучу жана драматург Керез Зарлыкова жазган, ал эми режиссеру өзбекстандык Сарвар Каримов.

Эки тараптуу кызматташтыкты кыргызстандыктар сунуш кылып, “Делбиримди” тартуу демилгесин өзбек тарап көтөргөн. Кыргыз актерлоруна өнөр акыны «Дан» продюсердик борбору, өзбек актерлоруна «Узбеккино» төлөгөн. Андан тышкары, тасмага өзбек президенти да колдоо көрсөткөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү