Чоң Чүй каналынан белгисиз эркек кишинин сөөгүн табылды

Автор -

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чоң Чүй каналынан белгисиз эркек кишинин сөөгүн табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-ноябрь күнү саат 14:05те «102» кызматына Лебединовка айылындагы Чоң Чүй каналынан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Куткаруучулар аталган дарекке барып маркумдун сөөгүн суудан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.

Бөлүшүү