Киевде Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналган кече өттү

Автор -

Киев шаарында 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына жана дүйнөлүк деңгээлде белгилүү болгон кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган дипломатиялык кече өткөрүлдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечеге Украинанын министрликтеринин жана башкармалыктардын өкүлдөрү, элчилер, Ээл аралык уюмдардын Украинадагы өкүлдөрү, коомдук бирикмелер, интеллигенция, бизнес өкүлдөрү жана Украинанын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын диаспора өкүлдөрү катышты.

Кечени ачуу салтанаттуу сөзүндө Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси Ж.Шарипов эки тараптын кызыкчылыктарына туура келген динамикалуу кызматташууну баса белгилеп, бар болгон мамилени дагы да илгерилетүү керек экендигин билдирди. Андан тышкары, Ж.Шарипов Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты жана ушул жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өткөн маанилүү эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар тууралуу баяндады.

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө жана анын планетардык масштабдагы гуманистке жана кыргыз жазуучусуна болгон сый-урматты көрсөтүү максатында БУУнун алкагында жана көптөгөн чет өлкөлөрдө Айтматовго арналган ар түрлүү иш-чаралар өткөрүлгөнүн жана өткөрүлүп жаткандыгын, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы заманбап жашоо-турмушта өзгөчө мааниге ээ экендигин, себеби, ал адамзаттын көңүлүн дүйнө жүзүндө бар болгон орчундуу көйгөйлөргө бургандыгын белгиледи. Ч.Айтматовдун чыгармаларында негизги каармандар жөнөкөй инсандар болгону менен, алар миллиондогон адабият күйөрмандарынын купулуна толуп, сүймөнчөк болушуп, алардагы табиятка, тарыхка жана инсандык баалуулуктарга болгон мамилесин жетилткен.

Кеченин жүрүшүндө конокторго жазуучунун чыгармачылыгына жана жашоо турмушуна арналган документалдуу тасма көрсөтүлүп, Украинанын бардык аймактары катышкан өспүрүм балдар арасындагы Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган сүрөт мелдешинин жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрүнүн көргөзмөсү уюштурулуп, украин тилине которулган китептер конокторго көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.