Ош шаарында мушташкан 16 жаштагы окуучу кыздар кармалды

Автор -

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери “Инстаграм”, “Фейсбук” социалдык түйүндѳрүндѳ жарык кѳргѳн кыздардын мушташы тууралуу видеотасма боюнча иликтѳѳ иштерин жүргүзүп, анын катышуучуларын аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 21-ноябрда, болжол менен саат 11.00дѳрдѳ болгон. Видеотасмада бети канап, жабырланып жаткан кыз Ош шаарынын мектептеринин биринин 11-классынын окуучусу, 16 жашта экени такталды. Ал эми аны урган кыз Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн жашоочусу, ал да 16 жашта.

Алгачкы маалыматтарга караганда, мурда жаш экендигине карабастан ал эки ирет: уурулук жана бейбаштык боюнча соттолгон. Учурда дагы бир уурулук иши Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан каралып жаткан. Апасы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Мурда Ош шаарында жашап, кийин Отуз-Адыр айылдык аймагына кѳчүп кетишкен.

Экѳѳнүн мушташын смартфон аркылуу видеого тарткан отуз-адырлык кыздын курбусу, 17 жашта, эч жерде окубайт. Өзүнүн кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда 15 жашынан медреседе окуп, сокур ичеги болуп калгандыгына байланыштуу таштап койгон. Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда жашайт, апасы жалгыз эрезеге жеткирген.

Факт боюнча териштирүү иштери уланууда. Териштирүүнүн баштапкы маалыматына караганда жаңжалдашкан тараптар 18-ноябрдан баштап “Инстаграм” социалдык түйүнү аркылуу байланышып, ѳз ара бири-бирине акарат айтып урушуп кетишкен. Натыйжада кыздар ѳз ара жанжалдарын чечүү максатында Ош шаарынын “Космонавттар” эс алуу багында жолугушууну сүйлѳшүп, ошол жерде 21-ноябрда жолугушуп, уруша кетишет. Андан соң эс алуу паркынан алыс эмес, жеке турак үйлѳр тарапка барышып, чатагын улантышкан. Аны видеого тарткан кыз тасманы ошол эле күнү досторуна жѳнѳткѳн.

Окуя Ош шаардык милициясына кылмыш каттоо китебине «Бейбаштык» катары катталды. Учурда тараптар бири-бирине арыз жазуудан баш тартышууда. Күбѳлѳр жана тараптардын туугандары, педагогдор суралып жатат.

Ош шаарындагы кыздардын мушташы эки күндөн бери интернетте тарап жаткан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү