«Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең»: Сооронбай Жээнбеков курултайга келген жок

Автор -

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте «Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең»  аталышындагы курултай өтүүдө. Курултайга Сооронбай Жээнбеков келген жок бирок, президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун окуду.

Анын айтымында, курултайда айтылган маселелер президентке жеткирилип, тыкыр текшерүүдөн соң тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

«Курултай элди бириктириш керек. Эгемендикти көз карегиндей коргоо — биздин милдетибиз. Бийлик жарандык коом менен конструктивдүү кызматташса, өлкөдө өнүгүү болот, ынтымак келет. Курултай мындан ары дагы иштеп, эң курч маселелерди чечүүчү аянтка айланат деп ишенем», — деп айтылат Жээнбековдун кайрылуусунда.

Иш-чарада жалпысынан 600дөн ашуун адам катышууда. Алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер да бар.

Бөлүшүү