Мирлан Бакиров БУУнун өнүгүү программасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Автор -

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров БУУнун Өнүгүү программасынын(БУУ ӨП) шайлоо системасын өнүктүрүү боюнча миссиясынын жетекчиси Паскаль Роусси, саясий маселелер боюнча кызматкери Моника Каландия жана БУУ ӨПтүн шайлоо боюнча кеңешчиси Дэн Малинович менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Төраганын орун басары БУУнун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы шайлоо системасынын өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, шайлоолор инновациялык технологияларды колдонуу менен өтүп жаткандыгын айтты.

“Шайлоочулар биометрикалык маалыматтары менен добуш берип, добуштар автоматтык түрдө саналууда. Биздин өлкөдө колдонула баштаган шайлоо системасынын жаңы модели шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө шарт түзүүдө. Шайлоо системасын дагы да жакшыртуу үчун Кыргызстан эл аралык уюмдардын колдоосуна муктаж”,-деди  Мирлан Бакиров.

Белгилей кетсек, БУУнун Өнүктүрүү программасы өлкөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана туруктуулугун жогорулатуу максатында иш алып барат.