Кыргызстандын 40тан ашык жараны Казакстандын жолунда бороондо калды

Автор -
904

Кыргызстандын 44 жараны суукта Казакстандын жолунда калып кетти. Бул тууралуу казакстандык басылмалар Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен жазууда.

Маалыматка караганда, 25-ноябрга оогон түнү саат 03:00дө Акмоло облусунунун Акколь айылында токтоп калган «Сетра» автобусун тапкан. Автобус Сургут – Бишкек багыты боюнча каттап турган. Жүргүнчүлөрдүн баары 44 киши тең Кыргызстандын жараны болгон.

Алардын баарын Аккол маданият үйүнө алып келип, жылуу жерге жайгаштырган.

Жүргүнчүлөр эч кандай зыян көрбөгөнү айтылат. Автобус оңдолгондон кийин кайра жолун уланткан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү