Италиялык кинорежиссер Бернардо Бертолуччи 77 жаш курагында каза болду

Автор -

Италиялык кинорежиссер Бернардо Бертолуччи 77 жаш курагында каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, режиссер көпкө созулган оорудан улам көз жумган. Азырынча кандай оору экени айтыла элек.

Белгилей кетсек, анын «Акыркы император» тасмасы 9 номинация боюнча «Оскар» сыйлыгына ээ болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү