Президент Чүй облусундагы Токмок шаарынын өндүрүш ишканалары менен таанышты

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда Чүй облусунун Токмок шаарындагы өндүрүш ишканалары менен таанышты.

Мамлекет башчысы текстиль кийимдерин чыгарган «Viva Tex» жана «КазГрейн» ЖЧК “Макарон азыктарынын комплекси” ишканаларында болду.

Андан тышкары Президент Сооронбай Жээнбеков реконструкцияланган “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасын көрүп чыкты. Бул жерде шаардагы мамлекеттик, медициналык жана билим берүү мекемелерин жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жаңы буу казандары, химиялык агрегат жана башка жабдуулар орнотулган.

Бөлүшүү