Кыргызстан 10 өлкөнүн жарандарына 60 күнгө чейин визасыз кирүү режимин киргизет

Автор -

Кыргызстан он өлкөнүн жарандарына визасыз 60 күнгө чейин кирүү режимин киргизет. Бул тууралуу мыйзам долбоору бүгүн 27-ноябрда парламентте талкууланып, комитет тарабынан колдоого алынды.

Ага ылайык, өкмөт Румыния, Болгария, Кипр, Аргентина, Чили, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино жана Оман өлкөлөрүнө карата виза режимин жоюуну сунуштоодо.

Визасыз режимдин мөөнөтү 10 жылга чейин болот.

Маалыматтар боюнча ушул тапта Кыргызстан менен 45 мамлекеттин ортосунда визасыз режим бар.

Туризм департаментинин маалыматы боюнча, акыркы беш жылда өлкөгө визасыз кирген туристтер 40 миңден 113 миңге көбөйгөн. Былтыр визасыз режим менен кирген өлкөлөрдөн 99 миңге жакын турист келген.

Бөлүшүү