Жумгалда турак үйдөн өрт чыгып, 56 жаштагы адам жабыркады

Автор -

«Жумгал районуна караштыы Чаек айылындагы Карагулов көчөсүндөгү үйдөн өрт чыгып, 15 чарчы метр жыгач шыбы жана кийим-кечелер күйүп кетти»,-деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Өрт электр жабдууларын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.

Анын кесепетинен  1962-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши денесинен күйүк алып, райондук ооруканага жеткирилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү