29-ноябрдан тарта Бишкек-Ош жолу мезгил-мезгили менен жабылат

Автор -

29-ноябрдан тарта Бишкек-Ош унаа жолунун кээ бир чакырымдарында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүрүп жаткан учурларда унаа жолунун мезгил-мезгили менен жабылышы кутүлөт.

Бөлүшүү