Маалыматка ылайык, 28-ноябрда саат 09:00дө Жалал-Абад шаарында КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында КР Өзгөчө кырдаалдар министринин көчмө жыйыны болуп өттү.
Жыйынга КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, райондук мамлекеттик администрация башчылары, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары жана Өзгөчө кырдаалдар минитсрлигинин Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери катышышты.
Күн тартибинде Жалал-Абад областындагы кооптуу аймактарда жашап жаткан үй бүлөөлөрдү көчүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларынын жүрүшү боюнча маселелер каралды.
КР ӨКМнин Жалал-Абад областык башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрнис Дыйканбаев областын аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, кооптуу аймактарда жашаган үй бүлөөлөрдү көчүрүү боюнча иш-чаралардын жүрүшү жөнүндө доклад жасап, төмөнкүлөргө токтолду.
“Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда көчүрүлүүгө тийиш жалпы 2027 үй-бүлөөдөн 1821 үй-бүлөө калды. Анын ичинен Аксы районунда 228 үй-бүлө, Ала-Бука районунда 9 үй-бүлө, Базар-Коргон районунда 332 үй-бүлө, Жалал-Абад шаарында 82 үй-бүлө, Майлуу-Суу шаарында 143 үй-бүлө, Ноокен районунда 17 үй-бүлө, Сузак районунда 997 үй-бүлө, Токтогул районунда 9 үй-бүлө, Кара-Көл шаарында 13 үй-бүлө”,-деди Э.Дыйканбаев.
Жыйындын жүрүшүндө кооптуу аймактарда жашап, мамлекет тарабынан жер тилкесин жана ссудаларды алган жарандарды көчүрүү жумуштары жетишээрликденгээлде аткарылбай жаткандыгы айтылды.
Министр Нурболот Мирзахмедов катышуучуларга: “Кооптуу аймактар, деги эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кандай көйгөйлүү маселелериңиздер болсо ортого салыңыздар. Жеринен көрүп Министрлик тарабынан чечиле турган маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн келдим”-деп кайрылды.
Жыйындын жүрүшүндө бир катар көйгөйлүү маселелер талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.