Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү

Автор -

Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында VIII эл аралык “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы 12синен-15-декабрга чейин өтөт. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун директору Акжол Бекболотов билдирди.

Фестивалга 30 мүнөттөн ашпаган даректүү, оюн, анимациялык  тасмалар катыша алат. Арыздарды кабыл алуу 1-ноябрга чейин уланып, учурда жалпысынан  500дөн ашуун тасма келип түшкөн.

Бул жылы маданий иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналат. Уюштуруучулардын айтымында, конкурс эки программадан — эл аралык жана улуттук деп бөлүнөт. Ар бир программа боюнча 15тен тасма тандалып алынат.

15-декабрга чейин уланчу иш-чаранын алкагында мастер-класстар өткөрүлөт. Жыйынтыгында “Мыкты режиссура”, “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы”, “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” номинациялары боюнча тасмалар тандалып алынат. Байге фонду — 500 миң сом.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү