Кызды зордуктоого аракет кылган 49 жаштагы таксист 2 айга камалды

Автор -

Бишкек шаарында кызды зордуктоого аракет кылган 49 жаштагы таксист Октябрь райондук сотунун чечими менен СИЗОго 2 айга камалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, окуя 24-ноябрда болгон. Анда «Honda Fit» унаасынан кызды түшүрбөй ыйлатып жаткан таксист тууралуу видео жарыяланган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 28, 129-беренелери («Зордуктоого аракет») боюнча кылмыш иши козголгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү