Ош-Бишкек унаа жолундагы кар көчкүлөр атылып түшүрүлүүдө

Автор -

«29-ноябрдан 5-декабрга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чарасы жүргүзүлөт»,-деп билдирди ӨКМДин маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ,  Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында аттыруу иштери аткарылды. Кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары бүгүн да улантылат.

Аткылоо иштерин ӨКМдин ыкчам тобу жетектейт. Кар көчкү түшүрүү иш-чараларында ошол участок убактылуу жабылат, бирок унаа жолдор толугу менен жабылбайт.