Чаткалда милиционерлерге зомбулук көрсөткөн 14 тургун кармалды (Видео)

Автор -

«Милиция кызматкерлерине кол көтөрдү» деген негизде Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 14 тургуну камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрда райондун аймагындагы “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасынын аймагында 15 адам “Шумкар” атайын багыттагы бөлүгүнүн кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине жаракат келтирген. Бул окуя боюнча 6-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Кызмат адамына кол көтөрүү” беренелери менен иш козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуя болгон жерден (Эти Бакыр Терек-Сай алтын кен иштетүүчү аймакты көзөмөлдөөчү видео камерадан) видео алынган. Аталган видео изилденип, милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан бардык 15 жарандын өздүгү такталган.

«Ушул жылдын 2-декабрында козголгон кылмыш иштин алкагында жогоруда такталган бардык жарандар тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматына алынып келинген.

Жогорудагы кылмыш иштерин жасоого шектелгендер боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүлөр кармалып, КРнын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына Терек-Сай айылынын 14 тургуну киргизилди.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча кийинки ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Чаткал районунда абал туруктуу жана жергиликтүүлөр арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, укук коргоочу Токтайым Уметалиева Facebook баракчасына Чаткалдагы абал тууралуу видео жүктөгөн.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү