Түркияда Кыргызстандык аял өзү жыйнап иштеген үйдөн көп суммадагы акча уурдап кармалды (Видео)

Автор -
295

Түркиянын Стамбул шаарындагы Зейтинбурну районунда Кыргызстандык аял өзү жыйнап иштеген үйдөн баалуу буюм менен көп суммадагы акча уурдап кармалды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган райондун тургуну полиция кызматкерине арыз менен кайрылган.

Арызда ал үйүн жыйнап иштеген кызматкер баалуу буюмдарын жана акчасын уурдап кеткенин айткан.

Аталган арыз боюнча полиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп, шектүү катары Е.Т. аттуу аялды кармашкан. Ал кармалган учурда жанынан 16 миң лира, 2 миң АКШ доллары жана саат табылган.

Шектүү бөлмөнү жыйноо учурунда үй ээси сейфтен акча алып жатканын байкап, анын сыр сөзүн жаттап калганын алгачкы көрсөтмөсүндө айтып берген.