ӨКМ: Бишкек-Ош унаа жолунда 5-декабрга чейин карды аткылап түшүрүү иштери жүрөт

Автор -

Кар көчкү коркунучуна байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун тоолуу аймактарында карды мажбурлап аткылап түшүрүү иштери жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-декабрына чейин унаа жолдун 132-137, 198-265-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында карды аткылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү