Кубат Оторбаев “Аю холдинг” компаниясынын вице-президенти болуп дайындалды

Автор -

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев “Аю холдинг” компаниясынын вице-президенти болуп дайындалды.

Аталган компаниянын мурдагы жетекчи орун басары Балбак Түлөбаев Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчилигине ушул жылдын жай айларында барган.

Кубат Оторбаев 2015-жылдан тарта үч жыл бою акыйкатчы болуп иштеген. Кийин өз каалоосу менен кызматын тапшырган.

Аю холдинг – Кыргызстандагы көп тармактуу компанияларды бириктирип турат. Карамагында 30дан ашуун ишкана бар. Аю холдингдин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов.