Кыргызстандыктар Жаӊы жылда 4 күн катары менен эс алышат

Автор -

Кыргызстандагы мамлекеттик кызматта иштегендер 31-декабрдан 2-январга чейин Жаңы жыл майрамына карата эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жаңы жыл майрамына карата мамлекеттик кызматта иштеген жарандар 30-декабрдан (жекшемби) баштап эс алышат. 31-декабрь (дүйшөмбү) жумушчу күнү 29-декабрь (ишемби) дем алыш күнүнө жылдырылат. Муну менен алар майрамга карата 4 күн катары эс алышат.

Иш күндөрү 3-январдан башталып, 5-январь күнү дагы жумушчу күн болуп белгиленген. Ал эми 7-январда (дүйшөмбү) Рождество күнүнө карата дагы эс алуу орун алат.