Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 29-ноябрь күнү 1966-жылы туулган К. Мансуров аттуу жаран Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы үйүнөн Бужум жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп чыгып кетип, дайынсыз болгон.
2-декабрда туугандары КР ӨКМне кайрылышкан.
Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө КР ӨКМнен жалпы 25 куткаруучу тартылган. 2018-жылдын 3-декабрь күнү саат 18:00 чамасында Бужума жайлоосунда маркумдун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.