Нурлан Акматов “Манас” аэропортунун төрагасы болуп дайындалды

Автор -

Нурлан Акматов “Манас” аэропортунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-декабрда Эл аралык «Манас» аэропортунун директорлор кеңешинин жыйыны болуп, анын жыйынтыгында Акматов Нурлан Орозбаевич аэропорттун төрагасы болуп дайындалган.

Белгилей кетсек, 3-декабрда “Манас” эл аралык аэропортунун мурдагы башчысы Эмир Чукуев ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кеткен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү