Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын  маалыматына ылайык, 2018-жылдын 5-декабрь күнү саат 16:11де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү  2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ак-Өлөң жана Орто-Токой айылдарында 2 баллга сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Бөлүшүү