Ооруканада кезек күткөндөрдүн арманы (Видео)

Автор -

Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына кайрылгандардын саны эки эсе көбөйдү. Дарыгерлердин жетишсиздигинен балдарын алып келген ата-энелер бир сааттан ашык кезек күтүп жатышканын айтып, нааразы болушууда. Оорукананын жетекчилиги адатта бир күндө 200дөн ашык бейтап кайрылса, акыркы күндөрү алардын саны 500дөн ашып жатканын айтышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү