Турак үйдөн өрт чыгып, 2 адам түтүнгө ууланып каза болду

Автор -

Ош шаарынын Кызыл-Аскер көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 5-декабрда катталган. Өрттү өчүрүүгө саат 09:11де 1 бөлүм тартылып, саат 09:34тө толугу менен өчүрүлгөн.

Анын кесепетинен түтүнгө ууланып 57 жана 47 жаштагы эки эркек киши каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү