Түркия Улуу Улуттук Жыйынын Төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапар менен келет

Автор -

Эртең, 6-декабрда Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапар менен келет. Расмий иш сапардын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Андан тышкары, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынын Төрагасы Бинали Йылдырымдын жолугушуусу да болот.

Ал эми 7-декабрь күнү расмий делегация “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде болуп, 1916-жылы «Үркүндө» каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналып салынган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшат. Андан соң, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлүүчү иш-чараларга катышат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү