Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт

Автор -
408

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келээрки жылы Түркиянын кожоюндук кылаарын айтты.

Президент Эрдоган, Битлистин Ахлат районунда Малазгирт жеңишинин 948 жылдыгы үчүн уюштурулган аземде элге кайрылды.

Тарыхтын бир улуттун эс тутуму болушу менен бирге келечегинин да компасы экенин баса белгилеген Эрдоган: «Көркөм өнөр менен спорт, тарых менен маданият, музыка менен архитектура бирин-бири толуктап турат. Тарыхый шаарларыбызды кантип сактап келсек. Ата-бабаларыбыздын мурасы болгон ата спортторубузду да ушундай эле түрдө сактайбыз»,-деди.

Ата спортторун коомчулукка тааныта турчу көптөгөн долбоорду ишке киргизгендерин айткан Эрдоган: «Өзгөчө жаа атуучулар фондубуз жана Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы абдан маанилүү иштерди жүргүзүүдө. Келээрки жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өткөрүлөт»,-деп билдирди.

Бөлүшүү