ТИМ башчысынын жаӊы кеңешчиси дайындалды

Автор -

КР Тышкы иштер министрлигинде министрдин кеңешчиси болуп Алмазбек Асанбаев дайындалды.

ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул дайындоо президент Сооронбай Жээнбековдун Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш түзүү жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана мекендештерди колдоо аракеттерин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан координациялоону камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү