Чыңгыз Айдарбеков Америкада жашаган мекендештер менен жолугушту

Автор -

Кечээ, 29-сентябрда Вашингтон шаарына жумушчу сапарынын алкагында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Америка Кошмо Штаттарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Министр чогулган мекендештерге чет өлкөдөгү КР жарандарынын укуктарын коргоо боюнча өлкө жетекчилиги, Өкмөт, ТИМ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсүнүн приоритеттүү багыттары жана мамлекеттик реформалар тууралуу маалымдады.

Пикир алышуу болду жана жарандарды кызыктырган маселелер талкууланды. Атап айтканда, кош жарандуулук, АКШга кирүүчү КР жарандарына виза талаптарын жеңилдетүү, АКШда билим алуу жана жумушка орношуу маселелери көтөрүлдү.

Жолугушуунун соңунда КРнын АКШдагы элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу сый-тамак жана КР ТИМдин түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Бөлүшүү