Мурдагы вице-премьер-министр эки айга камакка алынды

Автор -

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди анын бөгөт чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов кабыл алды.

Зилалиевге кызматта турган учурунда айрым мүлкүн декларацияда көрсөткөн эмес деп Кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча иш козголду. Аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган.

Сот имаратынан чыгып баратканда Дүйшөнбек Зилалиев журналисттерге «мүлкүмдү жашырган эмесмин, документтер менен жакында таанышасыңар«,-деп айтты.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Дүйшөнбек Зилалиев “Манас” аэропортунда кармалды деп жазышкан. Адвокат мындай маалыматты четке кагып, Зилалиевди үйүнөн кармап кетишкенин айтып, ал сурак берип жатканын кошумчалады.

Дүйшөнбек Зилалиевге былтыр 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси («Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу») менен иш козголгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Зилалиевди бул иш боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга шарттуу соттогон.

Бөлүшүү