Ош облусунун аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 10-декабрда болжол менен түнкү саат 03:11лер чамасында болгон.

Жер титирөө Алай районунун Кабылан-Көл айылында жана Кара-Суу районунун Алга-Бас айылында 2-2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү