Декабрь айында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
1297

Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында декабрь айында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 0…3°суук, тоо этектериндеги райондордо жана Кемин өрөөнүндө 3…6° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5° сууктан 7…12° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы түнкүсүн 13…18° суукка, күндүз 5…10° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 3…8° сууктан 12…17° суукка чейин, күндүз 1…6° сууктан 0…5° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо арбын жаашы күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 32-34 мм, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 17-27 мм).

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 2…4° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8° сууктан 10…15° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.Айдын экинчи жарымында абанын температурасы түнкүсүн 15…20° суукка, күндүз 6…11° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (22-23 мм).

 

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…3° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3° суук…2° жылуулуктан, 5…10° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 8…13° сууктан 1…6° суукка чейин, күндүз 3° суук…2° жылуулуктан 4…9° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын жаашы күтүлөт (өрөөндөрдө 28-52 мм, тоо этектериндеги райондордо 47-86 мм).

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 0…2° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында 3…5° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7° сууктан 8…13° суукка чейин, күндүз 0…5° сууктан 2…7° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (2-12 мм, чыгышында 19-26).

 Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 10…12°, Кочкор районунда 7…9° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12° сууктан 15…20° суукка чейин, күндүз 2º суук …3° жылуулуктан 5…10° суукка чейин өзгөрүлүп турушукүтүлөт. Ат-Башы районунда абанын температурасы түнкүсүн 13…18° сууктан 20…25° суукка чейин, күндүз 3…8° сууктан 10…15° суукка чейин өзгөрүлүп турушукүтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (3-15 мм).

 Алай өрөөнүндө;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 12…14° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 15…20° сууктан 23…28° суукка чейин, күндүз 2…7° сууктан 8…13° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (20-22 мм).

Суусамыр өрөөнүндө;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 15…17° суук тегерегинде болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 15…20° сууктан 21…26° суукка чейин, күндүз 1…6° сууктан 8…13° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын темперасы түнкүсүн 28…33°, күндүз 15…20° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (21-23 мм).

Бөлүшүү