Өкмөт башчы Ага Хан Өнүктүрүү тармагынын өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолугушту

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Өнүктүрүү тармагынын өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакх менен жолугушту.

Өкмөт башчы Ага Хан Фондунун социалдык-экономикалык жана билим берүү багытындагы долбоорлорго катышуусуна ыраазычылык билдирди.

«Өлкөнүн кезектеги маселелерин чечүүдө Ага Хан уюмунун Кыргызстандагы ишмердигин канааттануу менен белгилеп кетким келет. Өз ара пайдалуу кызматташуунун ачык мисалдарынын бири Нарын шаарындагы Борбор Азия Университетинин иштөөсү болуп саналат. Белгилей кетсем, өлкө Президенти тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга өнүктүрүү Улуттук стратегиясын жана Өкмөттүн Программасын ишке ашыруунун алкагында өлкө аймактарын өнүктүрүүгө багытталган биздин амбициялуу пландарыбыз белгиленген», — деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Өкмөт аймактардагы абалды жакшыртууга, атап айтканда, ишканаларды ишке берип, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө умтулуп жаткандыгына басым жасады.

Өз кезегинде Кыргызстандагы Ага Хан өнүктүрүү тармагынын өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакх Премьер-министрге ханзаада Карим Ага Хан IV атынан куттуктоо сөзүн билдирди. Ал белгилегендей, Фонддун артыкчылыктуу багыты катары билим берүү тармагына инвестициялоо болуп саналат. Бирок алар өлкөдөгү башка багыттарды камтуу менен катар бир катар тармактарга да колдон келген көмөктү көрсөтүүгө ниеттенип жаткандыктарын билдиришти.

Шамш Кассим-Лакх Кыргызстандагы Ага Хан өнүктүрүү тармагынын иши жана жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу кыскача баяндап берди.

Бөлүшүү