Кыргызстандын айрым аймактарында 11-19-декабрга чейин жаратылыш газы өчүрүлөт

Автор -

Кыргызстандын айрым аймактарында авариялык оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу 11-19-декабрь күндөрү жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы билдирди.

Газ берүү токтотула турган аймактардын тизмеси:

11-декабрь саат 09:00-12:00 Жалал-Абад шаарынын Садовая көчөсү;

11-12-декабрь күндөрү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсү;

11-13-декабрь Кант шаарынын Бекмуратов, Герцен жана Л.Толстой көчөлөрү;

11-13-декабрь Бишкектин Жал, Ахунбаев, Тыналиев, Масалиев жана Курчатов көчөлөрүнүн айрым кесилиштеринде очүрүлөт.

Ошондой эле 12-19-декабрь аралыгында Кайыңды, Аламедин жана Ала-Арча конуштарында кыска мөөнөткө өчүрүүлөр болот.