Жалал-Абаддагы курулуш материалдар базарында өрт чыкты (ФОТО) 

Автор -

2018-жылдын 8-декабрынан 9-декабрга караган түнү саат 00:42 чамасында КР ӨКМнин Өрткө каршы күрөшүү-куткаруу бөлүмүнүн байланыш түйүнүнө Жалал-Абад шаарынын Ж. Шерматов көчөсүндө жайгашкан “Рахат” курулуш материалдар базарында өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Өрт болгон жерге КР ӨКМнин Жалал-Абад шаардык өрткө каршы күрөшүү-куткаруу бөлүмүнөн 4 бөлүк, КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан ыкчам топ жана Жалал-Абад шаардык ӨКБнүн өздүк курамы  кечиктирилгис чара көрүү жана жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн тартылган.

Маалыматка ылайык, өрт толугу менен 2018-жылдын 9-декабры түнү саат 03.00дө өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен курулуш материалдар базарынын түштүк-батыш тарабындагы жалпы 350 чарчы метр аянт күйгөн, анын ичинде 3 жыгач иштетүүчү цех, 3 курулуш материалдарын сатуучу соода жайы толугу менен өрттөнгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымы такталууда.

Буга чейин, КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагындагы  райондук мамлекеттик администрацияларга жана шаар мэрияларына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 4 аймактык башкармалыктарына жалпы 11 пункттан турган соода жайларындагы өрткө каршы иш-чараларды жүргүзү жана коопсуздугун камсыздоо боюнча эскертме берилген.

Азыркы учурда, өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында башкармалык тарабынан базарларда, ири соода жайларында өрт өчүрүү боюнча тактикалык машыгууларды өткөрүү мерчемделүүдө.

Бөлүшүү