Жалал-Абадда мындан 10 жыл мурун жасалган оор кылмыштын бети ачылды

Автор -

Жалал-Абадда мындан дээрлик 10 жыл мурун жасалган кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2010-жылы 4-январда Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы Касансай дарыясындагы көпүрөнүн алдынан жашы болжол менен 45-50 курактагы азиат тектүү эркек кишинин сөөгү табылган. Анын колу-буту байлануу болгон. Ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөнү менен маркумдун ким экени аныкталбагандыктан кылмыш иши өндүрүштөн убактылуу токтотулган.

Бирок 2019-жылдын 9-сентябрында иш жандандырылып, сотко чейинки иликтөө иштери башталган. Алынган оперативдик маалыматтын негизинде маркум Ала-Бука районунун 1972-жылы туулган тургуну Мухтар Инамов экендиги такталган. Анын сол далысындагы кылычтын сүрөтү тартылган татуировкасынан жана маңдайындагы эки даана сары металл тишинен апасы менен карындашы тааныган. Маркумдун 1975-жылы туулган А.Б. аттуу иниси шектүү катары карала баштаган.

«Шектүү А.Б. мас болуп 2009-жылдын ноябрь айынын орто ченинде Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында өзүнүн бир тууган агасы 1972-жылы туулган Мухтар Инамовдун колу-бутун жип менен байлап, денесине бир нече жолу койгулап, тепкилеген. Андан кийин унаасынын багажына жүктөп алып, жолдо бара жатканда автоунаанын арткы багажнигинен тепкилеген үндү угуп токтогон. Багажникти ачканда агасынын кыймылсыз жатканын көрүп, кылмышты жаап-жашыруу максатында сөөгүн Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы чоң сайга алып барып, мойнуна таш байлап, чөктүрүп жиберген. Андан кийин окуя болгон жерден качып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Б. жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алган. Шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Учурда сотко чейинки иликтөө ишинин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү