Жыл аягына чейин «Тез Жет» авиакомпаниясы жабылышы мүмкүн

Автор -

Эгерде биз улуттук авиатармакты өнүктүрөлү десек, анда өзүбүздүн улуттук авиакомпаниябыз болушу керек. Бул тууралуу транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргызстандын учактарынын эскилиги жеткен, жаӊысы жок болгондуктан, аларды алмаштырууга мүмкүн эмес, ошондон улам авиакаттамдар кармалып калууда.

«Жыл аягына чейин «Тез Жет» авиакомпаниясын жабуу жөнүндө сунуш бар. Эгер андай болсо, биз ички каттамдарды эле эмес, тышкы каттамдарды да тейлей албай калабыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, «Эйр Кыргызстан» компаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов, ал эми ээси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду болуп саналат.

 

Бөлүшүү