Бүгүн, 12-декабрда депутат Максат Сабиров Жогорку Кеңештин күн тартибине экс-депутат Өмүрбек Бабанов тууралуу маселени киргизүүнү сунуштады.
«Кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаев кылмыш ишин жапкыла деп айтты. Бизде көпчүлүгү саясий куугунтукка тушуккан. Өмүрбек Бабанов көчөдөн келген жок, ал президенттик шайлоодо 2-орунда келе жаткан. Жогорку Кеңеш Бабановго козголгон кылмыш иши боюнча маалымат угуп коюшу керек», -деди депутат.
Жыйынтыгында бул маселе добуш берүүгө коюлуп, колдоо тапты. Саат 14:00дө аталган маселе боюнча маалымат угулат.
Белгилей кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керектигин айткан.