Бишкек шаарындагы 38 көчөнүн кесилишине видеокөзөмөл орнотулат

Автор -

«Маалымат технологиялары улам жаңы элементтер менен өзгөрүп жатканда андагы жаңылыкты кууп жетүүгө үлгүрүп – үлгүрбөй да калуудабыз. Бир кезде маалымат айдыңындагы байланышты эле жаңылык десек, азыр ар бир кадамды көзөмөлгө алып турган видеокаттагычтар пайда болду. Айрыкча, техниканын бул түрү жол коопсуздугун камсыздоодогу негизги таяныч болуп калды. Андыктан, аны жалпы коомчулуктун кызыкчылыгына колдонуп, коопсуздукту камсыздоого пайдалануу аракеттери көрүлүп келет. “Буга “Коопсуз шаар” долбоору мисал. Аны ишке ашырууга 7 жылдан бери далалат жасалууда”, — деп билдирди депутат Данияр Аттокуров.

Эл өкүлү белгилегендей, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун толук кандуу старт алуусу 2019 – жылдын январь, февраль айларына туура келет.

2020 – жылга чейин ар бир айылга интернет жеткирилип, элдин тейлөө кызматтарын пайдалануусуна жеңилдик түзүлөрү да парламентарийдин маалыматтарынан улам белгилүү болду.

«Ар бир видеотасмага түшүрүлгөн кыймыл – аракеттердин бардыгы Мамлекеттик каттоо кызматынын жана “Транском” ишканасынын маалымат базасында сакталат», — дейт уктурууга катышкан   Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шаршембиев.

«Бишкек шаарындагы 38 көчөнүн кесилишине видеокөзөмөл орнотулат. Андан тышкары Бишкек – Чалдовар, Бишкек – Манас аэропортун байланыштырган трассаларга да коюла турган видеокөзөмөлдөө жабдуулары бар. Ушундай эле техникалык жабдуулар Ош шаарынын 20, Жалал – Абад шаарынын 10 көчөсүнө коюлат», — дейт  Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси.

Ошол эле Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Шаршембиевдин ырасташынча, жогорку маалымат технологиялары боюнча 40тан ашык парк иштеп жатат. Андагы каражаттардын айлануусу 500 млн. сомдон жогорку сумманы түзөт.