«Коопсуз шаар»: алгачкы 6 айда 1,4 миллион жол эрежесин бузуу катталган

Автор -

«Коопсуз шаар» долбоорунун алгачкы 6 айында 1 миллион 400 миң жол эрежелеринин бузуусу катталган. Бирок анын үчтөн бирине гана айып тагылган. Бул тууралуу Жорук жана бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү мыйзамына ИИМдин маалымат катында жазылган.

Ага ылайык, ушул жылдын 4-марттан 26-август аралыгында Чүй облусу жана Бишкек шаарында 1 миллион 1 438 миң 894 жол эреже бузуулар катталган. Анын 526 миңине гана айып салынып, 911 миң 927 фактысы ар түрдүү себептерден улам жокко чыгарылган.