Өмүрбек Текебаев ооруканага которулду

Автор -

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Шыкмаматовдун айтуусунда, Текебаевге аритмия, стенокардия гипертония деген оорулардын диагнозу коюлган.

Эске салсак, «Ата Мекендин» лидери жемкорлук боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Бөлүшүү