Ош базардагы соодагерлер нааразы (Видео)

Автор -
399

Ош базарындагы көчөлөрдүн боюнда соода кылган соодагерлер жергиликтүү акимиаттын жана милиция кызматкерлеринин иш-аракеттерине нааразы болууда. Алардын айтымында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көп жылдан бери соода орундары үчүн негизсиз акча чогултуп келет. Акимиаттын өкүлдөрү мындай айыптоолорду четке кагып, соодагерлердин жол боюнда соода кылышынын өзү мыйзамсыз экенин айтып, жакында аларга башка орундар берилерин убада кылууда.