Ош базарынын сатуучуларынын тагдыры кимдин колунда?

Автор -

Өткөн жылдын эсебинен тилсиз жоо борбордогу соода кызуу жүргөн Ош базарын бир нече жолу каптаган. Айттырбай келген кырсыктан соодагерлер бир топ чыгымга учураган эле. Өрттүн биринин артынан бири кайталангандыгы калк арасында кызыгууну жана шекти жараткан.  Бул жерде көзү ачыктыктын деле кереги жок. Айтса-айтпаса төгүнбү, Ош базарынын ордуна килейген соода борборун тургузуу далай бизнесмендин кыялы экени турган иш.

Ошентип компенсация иретинде болбогон сумма менен соодагерлерди сооротуп,өрт чыккан жайга учурда чын эле соода борбору тургузулду. Эми мурдагы соода орундарына кайта албаган сатуучулардын арманы аттын башындай. Себеби соода борборунан бекер орун берилүүсү бул жакта турсун, олчойгон суммада аренда төлөйсүӊөр деген жүйөөнү айткан жетекчиликке азыр сатуучулар каршы чыгууда.

Тынч оокатын кылып, эптеп арабасын сүйрөп жүргөн далай карапайым калк бир күндө жумушсуз калганы аз келгенсип, эми кантип баарын башынан баштаарын билбей турушат.

Соода борборунан орун алып, иш баштоо дагы баштапкы капиталды талап кылаары айдан ачык да. Ош базарынын калган тегерегиндеги соода кылгандар түндөсү айласы кеткенден эле үйлөрүнө кетип жатат. Аларда дагы бир жеринен өрт чыгып, ошол шылтоо менен бүтүндөй Ош базары жоюлуп, жумушсуз калуу коркунучу жашайт.

Бир нече кун мурун Ош базарынын жетекчилиги менен болгон келишпестиктен улам соодагерлер түнү бою күтүүсүз алаамат каптабасын деп өз соода жайларын коргогон күндөр болду.

Чукул убакытта салынган имарат азыр пайдаланууга берилүү алдында турат экен. Бирок ушул түшкөн имаратка салынуудан мурда сейсмикалык уруксат берилгенби? Коопсуздук жагы кандай болот? Мурунку жумуш ордуларына соодагерлер кайра кайта алабы? Аларга кандай жеӊилдиктер каралган жана башка ушул сыяктуу суроолор соодагерлердин жүрөгүн өйүп келет.

Булак: «Мантыш» гезити. 30-апрель. 2019-жыл.

Бөлүшүү