Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулду

Автор -
315

Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жазуучунун айкели орнотулду. Бул тууралуу Kun.uz агенттиги шаардык акимчиликке шилтеме берүү менен билдирди.

Быйыл июлда Ташкент шаардык кеңешинин депутаттары Юнусабад районундагы Бодомзор көчөсүн Чынгыз Айтматовдун урматына өзгөртүү чечимин кабыл алган. Улуу жазуучуга арналган барельеф дал ошол көчөгө орнотулду.

Мындан тышкары декабрдын экинчи жарымынан тарта Өзбек улуттук академиялык драм театрында Айтматовдун жаркын элесине арналган кечелер өткөрүлө баштайт.

Быйыл апрелде Өзбекстан президенти Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын кеңири белгилөө боюнча токтомго кол койгон.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган. Залкар жазуучу 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган.

2011-жылы Айтматовдун туулган күнүнүн урматына жана Алыкул Осмоновдун каза болгон күнүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин токтому менен 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган

Бөлүшүү